ИНТЕРПОЛЯЦИЯ
ИНТЕРПОЛЯ́ЦИЯ (лат. interpolatio – өзгөрүү, кайра жасоо), м а т е м а т и к а д а ж-а с т ат и с т и к а д а – чоңдуктун белгилүү маанилери б-ча анын аралык маанилерин табуу. Мис., эгер yi = f (xi) (мында i=0, 1, 2, ..., n ) y функциясынын маанилери x0 < x1< ... xn чекиттеринде гана белгилүү болсо, анда xi чекитинин арасында жатуучу х чекитиндеги f(x) функциясынын маанилерин табуу. Эгерде х чекити (x0, xn) интервалынын сыртында жатса, анда ал функциянын экстрополяция маселеси деп аталат. Эң жөнөкөй сызыктуу И-да f(х) тин х чекитиндеги x <x<x барабарсыздыгын канаат- 0 1
тандыруучу мааниси үчүн x = х0 ж-а x = x1 x − x че-
киттеринде f(x) м-н дал келүүчү у= [f(xi) –
x1 − x – f(x )] +f(x ) (1) сызыктуу функциян0ын маа- 0 0
ниси кабыл алынат. Эгерде f(x) функциясынын x0, x1, ..., xn чекиттериндеги гана маанилери белгилүү болсо, анда бул чекиттерден айырмаланган x1 чекитиндеги анын мааниси тууралуу анык эч нерсе айтууга болбойт. f(x) функциясы ж-а анын туундусу кандайдыр бир барабарсыздыктарга баш ийгенде, И. маселеси белгилүү мааниге ээ болот. Мис., функциянын f(x0) ж-а f(x1) маанилери берилсе ж-а x0< x<x1 болуп,
f " (x) ≤ M экендиги белгилүү болсо, анда (1) фор- M
муланын каталыгы f (x) − y ≤ (x − x0 )(x1 − x) 2
барабарсыздыгы м-н бааланат. И. функциялардын маанилерин эсептөөдө гана эмес, математиканын колдонмолорунда (мис., жакындаштырып интегралдоодо, теңдемелерди жакындаштырып чыгарууда, статистикада кокусунан болгон өзгөрүүлөрдү жоготуу максатында бөлүштүрүүнүн каталарын түзөтүүдө) да колдонулат.
«И.» терминин биринчи жолу англ. математик Ж. Валлис (1656) астр. ж-а матем. таблицаны түзүүдө колдонгон.
Ад.: Гончаров В. Л. Теория интерполирования и приближения функции. М., 1954; Крылов В. И., Бобков В. В., Монастырный П. И. Вычислительные методы. М., 1976–77.