ИНТЕРПЕЛЛЯЦИЯ
Jump to navigation
Jump to search
ИНТЕРПЕЛЛЯ́ЦИЯ (лат. interpellatio – «сөздү бөлүү», «сотко арыз берүү») – өлкөнүн тышкы же ички саясаты туурасында же кайсы бир конкреттүү мамл. маселелер б-ча түшүндүрмө берүүнү талап кылып, өкмөткө кайрылган депутаттык суроо-талап. И. көбүнчө коомдо олуттуу тынчсыздандырууну туудурган кандайдыр бир факт б-ча жасалат. Ошондуктан И. жалпы талаш-тартышты, андан соң саясий санкцияны: министр берген түшүндүрмөнүн канааттандырганын же канааттандырбаганын чагылдырган добуш берүүнү туудурат. Кээ бир учурларда талаш-тартыш министрге же өкмөттүн бардык курамына ишенбөө ж-дөгү суроону киргизүү м-н аякталат. И. маалымат алуунун гана күчтүү ыкмасы болбостон, депутаттар тарабынан тике көзөмөлдөөнүн күчтүү формасы болуп саналат.