ИНТЕРНЕТ-АДРЕС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИНТЕРНЕ́Т-А́ДРЕС , IP-а д р е с – интернетке түздөн-түз кошулган компьютердин бөтөнчө ад­реси. Ал 4 байтты ээлейт. Кабыл алууга ыңгай­луу болуш үчүн чекиттер м-н ажыратылган төрт сан сыяктуу жазылат, мис., 195.210.128.3. Эң ал­гачкы сан белгилүү бир компьютерди, калганы тармактын номерин көрсөтөт. Тармактын ке-ректөөчүсү, эреже катары, IP-адрес эмес, аталыш­тардын домендик системасы м-н иш жүргүзөт.