ИНТЕРНАЦИОНАЛ 1

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИНТЕРНАЦИОНА́Л б и р и н ч и (Ж у м у ш­ч у л а р д ы н э л а р а л ы к ш е р и к т е ш­т и г и ) – жумушчулардын эл аралык бирин­чи уюму. 1864-ж. 28-сентябрда Лондондо уюшул­ган К. Маркс м-н Ф. Энгельс негиздеген. Жу­мушчулардын эл аралык шериктештигинин уюмдаштыруу манифести, уставы, үндөө, цир­куляр ж-а чечимдерин К. Маркс иштеп чыккан. Ал документтерде марксизмдин программалык ж-а тактикалык жоболору өнүктүрүлгөн. Жу­мушчу табы капитализмди ойрондоочу ж-а со­циализмди куруучу күч деп көрсөтүлгөн, соц. рев-яда саясий бийликтин (пролетариат дикта­турасынын), аны жеңип алуу зарылдыгынын, пролетариат үчүн өз саясий партиясын түзүүнүн, социалдык боштондук үчүн күрөштө ар түрдүү өлкөлөрдүн жумушчуларынын биригишинин маанисин баса белгилеген. Биринчи И-дын иши­не туруктуу к-ти бар Генералдык Совет жетек­чилик кылган, ал Европадагы негизги өлкөлөр­дөн, АКШ, Австриядан келген жумушчу өкүлдө­рүнүн улуттук секцияларына (федерацияла­рына) таянып иш алпарган. 1870-ж. биринчи И-дын Европа өлкөлөрүндөгү ишмердүүлүгү ток­тогон, 1876-ж. уюм таркатылган.