ИНТЕРНАЦИОНАЛИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИНТЕРНАЦИОНАЛИ́ЗМ (интер.... ж-а natio – улут) – түрдүү мамлекеттердин, улуттардын, эл­дердин же алардын айрым бөлүктөрү – таптар­дын, социалдык катмарлардын же топтордун түпкү кызыкчылыктарына негизделген аракет­терди бириктирүүгө умтулуусун чагылдырган көз караштар ж-а саясат; ар кандай улуттар м-н расалардын өкүлдөрү болуп эсептелген адамдар­дын ортосундагы эл аралык тилектештик, пи­кирлештик; алардын өз ара түшүнүүсүнүн, ише­ниминин, ар кандай мад-ттардын, баалуулук­тун, билимдердин ж-а технологиялардын өз ара бири бирине өтүүсүнүн негизи; улутчулдукка карама-каршы түшүнүк. Өндүрүштө маалымат­тык алмашууну, ил.-тех. ж-а маданий өнүгүүнү интернационалдаштыруу процесси И-дин объек­тивдүү негизи болуп саналат. Анын күч алышы м-н улуттук келишпөөчүлүктөн улуттар аралык кызматташтыкка карай бара-бара глобалдуу бурулушу 19–20-к-да түрдүү таптардын И-и баш­кы мааниге ээ болгон да, анын калыптанышын­да өзүлөрүнүн салымын кошкон.