ИНТЕРМЕЦЦО
Jump to navigation
Jump to search
ИНТЕРМЕЦЦО (латынча intermezzo – ортосунда, арасында, аралыгында турган) – 1. Түрмөктүү чыгарманын негизги бөлүктөрүнүн аралыгын түзүүчү аспаптык пьеса (Р. Шуман, оркестр менен фортепьяно үчүн концерт) же бир бөлүмдүү композициянын негизги бөлүктөрүнүн аралыгы (триого окшогон; Р. Шуман, фортепьяно үчүн жазылган 11-сонатадан скерцо); 2. Өз алдынча эркин түзүлгөн аспаптык пьеса (И. Брамс. М. Регер жана башкалар).