ИНТЕРМЕДИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИНТЕРМЕ́ДИЯ (лат. intermedius – ортосунда, арада жүрүүчү) – 1) драма оюнунда эки көшө­гөнүн аралыгындагы тыныгууда аткарылуучу күлкүлүү чакан пьеса же көрүнүш (пантомима, бий, вокалдык же аспаптык чыгарма). О. кы­лым театрларында диний мазмундагы пьесалар­ды көрсөтүүдөн пайда болуп, айрыкча мектеп театрларында кеңири тараган. И. Испаниянын элдик театрында п а с о с деген ат м-н өз алдын­ча жанр катары өнүгүп, Лопе дэ Руэддин, ай­рыкча М. Сервантестин чыг-лыгында жогорку деңгээлге жеткен. И-ны Англияда «интерлю­дия», Португалияда «интермиш» деп аташкан. Россияда И. 16-к-да мектеп театр оюндарынан келип чыккан. 19–20-к-да ыр, бий м-н аткарыл­ган өз алдында сахна оюнуна айланган. Опера, балет актыларынын аралыгындагы кошумча оюн катары да көрсөтүлгөн. 15-к-дан тартып алар Италиянын, кийинчерээк Англия, Франция ж. б. өлкөлөрдүн муз. театрларына кирген. Спек­таклдеги И. акырындык м-н өз алдынча сю­жеттүү муз.-сахналык чыгарма касиетин алган. 17–18-к-да И. Италияда чакан күлкүлүү опера катары көрсөтүлгөн (Перголези, «Кызматчы айым»). Кээде И. эстрадалык ж. б. концерттер­де да аткарылат. Кыргыз ад-тында Р. Шүкүр­бековдун И-лык чыгармалары кеңири белгилүү; 2) фугадагы теманын түрдүүчө аткарылыш аралы­гындагы эпизод; ал интерлюдия деп да аталат.