ИНТЕРИОРЛОШТУРУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИНТЕРИОРЛОШТУРУУ (лат. interior – ич­ки) – адамдын психикасынын ички структура­сын сырткы социалдык ишмердүүлүктүн форма­ларын өздөштүрүү аркылуу калыптандыруу. Аталган түшүнүк француз психологдору Пьер Жан, Жан Пиаж, Анри Валлон тарабынан илимге киргизилген. Аталган авторлор И. тү­шүнүгү аркылуу индивиддер ортосундагы мами­лелердин психиканын ички структураларында чагылышын ж-а аң-сезимдин ички планын аныктаган аң-сезимсиздиктин калыптануусун түшүндүрүүдө пайдаланышкан. Орус психологу Выготскийдин пикири б-ча И. индивид тарабы­нан адамдык баалуулуктарды ж-а руханий бай­лыктарды өздөштүрүү аркылуу психиканын чы­ныгы формаларын калыптандыруу болуп саналат.