ИНТЕРВЬЮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИНТЕРВЬЮ́ (англ. interview – аңгемелешүү, маек) – публицистика жанры; журналисттин коомдук маанилүү маселелер б-ча бир же бир нече адам м-н болгон маеги. И-ну көбүнчө мамл., коомдук ишмерлер, белгилүү адамдар ж. б. бе­рет. ММКда кеңири таралган. И. негизинен ма­алымдоо жанры гана эмес, аналитикалык же көркөм-публ. жанр болуп эсептелет. Милдети – жаңылыкты кабарлоо, коомдук пикир жаратуу.
Өзгөчөлүгү – ошол жаңылыктагы кайсы бир өзгөчө себептерге байланыштуу окурмандар үчүн маанилүү болгон пикирлер жеке адам аркы­луу бериле тургандыгында. И. теманын чегинде ж-а эркин (тема, суроо, түзүлгөн кырдаал ж. б. м-н аныкталат) түрдө болот. И. жанры, негизи­нен, кабарлоо И. ж-а түшүндүрмө И. болуп эки топко бөлүнөт, биринчиси – журналист м-н маектештин ортосундагы суроо-жооп. Экинчи­си – сүрөттөмө, «тегерек стол», пресс-конферен­ция, брифинг, анкета. ММКнын түрүнө карата И. радиоинтервью, телеинтервью ж. б. болуп бөлүнөт. И-нун сапаты журналисттин алдын ала даярдыгына жараша болот.