ИНТЕРВЕНЦИЯ
ИНТЕРВЕ́НЦИЯ (лат. interventio – келем, кийлигишем) – эл аралык укукта мамлекеттин ички ж-а тышкы саясатына башка бир же бир нече мамлекеттин кийлигишүүсү. Башка мамлекеттин жерин басып алуу, экон. күнкорлукка дуушарлантуу – И-нын негизги максаты. БУУнун Уставында белгиленген мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө принцибине (2-статья, 4-пункт) ылайык кандай гана себеп м-н болсо да башка мамлекеттин ишине кийлигишүүгө, анын саясий көз карандысыздыгына коркунуч туудурууга, чек арасын бузууга бир да мамлекеттин акысы жок. Күч м-н зордоо ж-а опузалоо эл аралык маселелерди жөнгө салуучу каражат болбоого тийиш. Ар бир талаш маселе тынчтык жол м-н чечилиши (БУУнун Уставы, 2-статья, 3-пункт) зарыл. И-нын аскердик (куралдуу), саясий, идеол. ж. б. түрлөрү белгилүү. Аскердик И-да көбүнчө согуш жүргүзүүнүн мыйзамдары, салттары бузулуп, калкты жазалоо акциялары жүргүзүлүп, улуттук байлыктар то- нолуп ж-а көптөгөн кыйроолорго алып келет. Аскердик (куралдуу) И. ачык же жашыруун түрдө болот. Ачык аскердик И-да бир мамлекеттин же мамлекеттер коалициясынын куралдуу күчтөрү башка мамлекеттин аймагына басып кирет. Жашыруун аскердик И-да козголоңчулар керектүү куралдар м-н камсыз болуп, башка мамлекеттин аймагында согушка даярдалат. Саясий И-да төңкөрүштөр, жашыруун саясий топторго жардам көрсөтүү, мамл. ж-а саясий ишмерлерге пара берүү, өткөрүлүп жаткан шайлоолорго кийлигишүү, дипл. кысым көрсөтүү ж. б. ыкмалар колдонулат. Идеол. И-да ММК колдонулуп, ар кандай мазмундагы ад-ттар, ушактар таратылып, расалык ж-а улуттук жаңжалдар, чыр-чатактар, конфликттер күчөтүлөт. И-нын ар кандай формасына жол бербөө максатында 1965-ж. БУУнун Ассамблеясынын 20-сессиясы атайын Декларация кабыл алган. Учурда эл аралык укук И-нын бардык түрлөрүн мыйзамсыз деп таап, ага тыюу салууда.