ИНТЕРВАЛ
ИНТЕРВА́Л (лат. intervallum – аралык) – м уз ы к а д а ж-а а к у с т и к а д а – эки үндүн бийиктигине жараша байланышы. И-дын төмөнкүсү анын негизи, жогоркусу эң бийиги деп аталат. Эгер үндөр бир убакта алынса, гармониялуу И., удаа алынса, обондуу И. делет. Ошондуктан И. добуш катарындагы үн баскычтарынын саны аркылуу түшүндүрүлөт. Муз. теорияда И. жарым тондун ж-а тондун саны м-н ченелсе, муз. акустикада үндөрдүн термелүү санын салыштыруу м-н ченелет. Мис., добуш катарынын төмөнкү үнүнүн термелүүсү жогорку үндүкүнөн эки эсе аз. И. диатоникалык ж-а хроматикалык болуп бөлүнөт. Диатоникалык И-га таза И. (прима, кварта, квинта, октава) м-н кошо чоң ж-а кичине И. (секунда, терция, секста, септима) кирет. Хроматикалык И-га бардык көбөйтүлгөн ж-а азайтылган И., көбөйтүлгөн прима – до-до-диез, азайтылган секунда – доре-бемоль кирет. О. эле И. консонанска ж-а диссонанска бөлүнөт. И-дын мүнөздүү угулушу
анын ладдагы, аккорддогу ж-а динамикадагы абалына жараша болот.