ИНТЕРАКТИВДҮҮ СИСТЕМА
Jump to navigation
Jump to search
ИНТЕРАКТИВДҮҮ СИСТЕ́МА – компьютерди пайдалануучунун командасына жооп берип туруучу компьютердик система. Жооп өтө тез кайтарылат ж-а операциялар үзгүлтүксүз ишке ашырылып турат. Операция ийгиликтүү же ийгиликсиз болгону компьютердин жообунан билинет. Команда системага киргизүүчү түзүлүштүн (клавиатура ж-а мыштын) жардамы м-н киргизилет.