ИНТЕНДАНТ
Jump to navigation
Jump to search
ИНТЕНДА́НТ (фр. intendаnt – башкаруучу, башчы) – куралдуу күчтөр курамында аскерлерди материалдык ж-а тиричилик жактан камсыз кылуучу кызматкер. 15-к-да Францияда И. инту уюшулуп, мамл. башкаруунун айрым тармактарына (аскер, соода, юстиция ж. б.) жетекчилик кылган. 19-к-да ага жалаң аскерлерди тейлөө милдети жүктөлгөн. СССР Куралдуу Күчтөрүндө И. кызматы 1935-ж. киргизилип, 1955-ж. жоюлган, анын милдетин Куралдуу Күчтөрдүн тиешелүү оорук кызматтары аткарат. КРдин Куралдуу Күчтөрүндө азык-түлүк, буюм ж-а турак жай м-н камсыз кылуу өз-өзүнчө бөлүнгөн.