ИНТЕЛЛИГИБЕЛДҮҮ
Jump to navigation
Jump to search
ИНТЕЛЛИГИБЕЛДҮҮ (лат. intel-ligibilis – түшүнүлгөн, ойлонулган, ойдогу) – дүйнөгө таандык нерселерди интеллекттин же акыл-эстин жардамы аркасында гана түшүнүү. И. дүйнө деп рухий чындыкты чагылдырган идеялардын, идеалдардын, образдардын ж-а түшүнүктөрдүн дүйнөсү айтылат. И. Канттын пикири б-ча И-лүк – сезимдер аркылуу эмес, акыл-эс м-н гана түшүнүүгө мүмкүн болгон нерселер. И. Канттын философиясында нукура акыл (чистый разум). И. дүйнөгө жаратылыштын кубулушу болуп эсептелген физ. нерселерди киргизбейт, ал эми тажрыйбалык акыл-эс (практический разум) адамдын жүрүм-турумунун негизин түзгөн идеалдуулуктардын баарын И. дүйнөгө киргизет.