ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕHЧИКТЕГИ ТОВАР-ДЫК БЕЛГИЛЕР ЖАНА ТЕЙЛӨӨ БЕЛГИЛЕРИ
ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕHЧИКТЕГИ ТОВАР-ДЫК БЕЛГИЛЕР ЖАНА ТЕЙЛӨӨ БЕЛГИЛЕРИ – өзүнчө бир өндүрүп чыгаруучунун товарын
же көрсөткөн кызматын экинчи өндүрүп чыгаруучунун бир тектүү товарынан ж-а көрсөткөн кызматынан айырмалоо үчүн кызмат кылган белгилер. Товардык белги өзүнчө өзгөчөлүккө ж-а айрмалоочу мүнөзгө ээ болушу зарыл.
Товардык белгилердин түрлөрү: сөздөрдөн турган белгилер – алар сөз, тамгалардын айкалышы, сүйлөм, о. эле алардын айкалыштары түрүндө болот; сүрөт белгилери – алар жандуу нерселердин, буюмдардын, жаратылыш ж-а башка объектилердин сүрөттөрү, о. эле ар кандай формадагы фигуралар, композициялар, сызыктар, тактар, тегиздиктеги фигуралар; көлөмдүү белгилер – алар үч өлчөмдүү объектилер, фигуралар, сызыктар м-н фигуралардын комбинациялары; комбинацияланган белгилер – алар ар башка элементтердин, сүрөттөрдүн, сөздөрдөн турган белгилердин, көлөмдүү ж. б. белгилердин комбинациясы түрүндө болот.