ИНТЕГРАЛДЫК ЭСЕПТӨӨ
ИНТЕГРА́ЛДЫК ЭСЕПТӨӨ – математиканын бир бөлүмү; интегралдын касиетин, аны эсептөө жолун, түрдүү матем. ж-а физ. маселелерди чыгарууда колдонулушун изилдейт. Ал дифференциал эсептөөлөрү м-н тыгыз байланышта ж-а математикалык анализдин негизги бөлүмүн түзөт. И. э-нүн келип чыгышы аянттарды ж-а көлөмдөрдү эсептөөгө байланыштуу. Мындай бир катар маселелерди байыркы грек математиктери (Евдокс Книдский, Архимед ж. б.) чечишкен. Мындай маселелерге кызыгуу Европада 16– 17-к-да башталган. Бул мезгилде И. э-нүн калыптанышына ж-а өнүгүшүнө немис И. Кеплер, италян Б. Кавальери, англис Ж. Валлис, француздар Э. Торричелли, Б. Паскаль, П. Ферма, голланд X. Гюйгенс өңдүү математиктер салым кошкон. И. э-нүн өнүгүшүнө И. Ньютон м-н немис математиги Г. Лейбництин эмгектери таасир тийгизген. Алар И. э-нүн негизги түшүнүктөрүн ж-а алгоритмин өз алдынча түзүшкөн. «И. э.» термини ж-а интегралдын белгилениши Лейбницке таандык. И. э-нүн негизги түшүнүктөрү – өз ара байланышкан аныкталбаган интеграл ж-а аныкталган интеграл. Аныкталбаган интеграл – дифференциалдоого тескери амал. Эгер дифференциал эсептөөлөрүндө белгилүү функция б-ча анын туундусу табылса, ал эми И. э-дө тескери функциянын туундусу б-ча ал функциянын баштапкы түрү аныкталат. Аныкталбаган интеграл үчүн жетиштүү шарт – берилген аралыкта функциясынын үзгүлтүксүздүгү. Интегралдоо м-н дифференциалдоо амалдарынын өз ара бири бирине өтүшү d∫f(x)dx=f(x)dx; ∫dF(x)=F(x)+C барабардыктары м-н туюнтулат. Мындан дифференциалдоонун формулалары м-н эрежелеринен интегралдоонун тиешелүү формулалары ж-а эрежелери алынат. ∫ xm dx = x m+1 m + 1 a x + C, a ≠ 1; dx ∫ = ln x + C x ∫ ax dx = lna + C, a > 1, a ≠ 1; ax = ex болсо,
∫ еx dx = ex + C; ∫ sinxdx = –cosx + C; dx ∫ cosxdx = sinx + C ; ∫ dx cos2 x dx = tgx + C;
∫ sin2x dx = −сtgx + C; ∫ 1 + x2 = arctgx + C;
2 1 − x =arc s inx +C; ∫[f (x)+f (x)]dx = a =∫f (x)dx ± ∫f (x)dx; ∫kf(x)dx =k∫f(x)dx, k – туруктуу сан; ∫udv=uv – ∫udv (бөлүктөп интегралдоо формуласы); эгерде x = ϕ(t) болсо, анда dx = ϕ′(t)dt ж-а ∫f(x)dx =∫[f(ϕ(t))] ·ϕ′(t)dt (өзгөрмөнү алмаштыруу формуласы).
А н ы к т а л г а н и н т е г р а л
– интегралдоонун жогорку пределинен функция болуучу интегралдын алдындагы функциянын баштап-
b кы функцияларынын бири. Ал ∫a f (x)dx түрүндө аныкталат. Бул интегралдын бир түрү – Коши интегралы. Аныкталган интегралдын геом. мааниси аянт түшүнүгү м-н байланыштуу. Фигура м-н беттин аянтын, нерсенин көлөмүн, оордук борборунун координаталарын ж. б-ды эсептөө м-н аныкталган интеграл табылат. [a, b] кесиндисинде үзгүлтүксүз функциядан алынган аныкталган интеграл – ал функциянын баштапкы функциясынын кесиндинин учтарындагы маанилеринин айырмасына барабар, б. а.
b ∫a f (x)dx = F(b) − F(a) (Ньютон-Лейбниц формуласы). Аныкталган интеграл аныкталбаган интегралдын формулалары ж-а эрежелери м-н эсептелет. И. э. математиканын көп бөлүмдөрүндө (дифференциал ж-а интеграл теңдемелери теориясында, ыктымалдык теориясында ж-а математикалык статистикада, оптималдык процесстер теориясында ж.б.) ж-а анын колдонмолорунда пайдаланылат. Ньютондун эмгектеринде аныкталбаган интеграл ж-дөгү түшүнүк, ал эми Лейбництин эмгектеринде аныкталган интеграл ж-дөгү түшүнүктөр негизги ролду ойногон. И. э-нүн андан аркы өнүгүшү 18-к-да швейцариялык математик И. Бернулли, фр. математик Ж. Лагранж ж-а өзгөчө Л. Эйлердин ысымы м-н байланыштуу. 19-к-да И. э-нү өнүктүрүүгө О. Коши, немис математиги Б. Риман, орус математиктери М. В. Остроградский, В. Я. Буняковский, П. Л. Чебышевдер салым кошкон. 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында көптүктөр теориясынын ж-а чыныгы өзгөрмөлүү функциялар теориясынын өнүгүшү И. э-нүн негизги түшүнүктөрүн тереңдетүүгө ж-а жалпылоого алып келди.
Ад.: Эйлер Л. Интегральное исчисление / Пер. с
латин. Т. 1 – 3. М., 1956–58; Усубакунов Р. Дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөр. 2-б. Ф., 1969;
Бугров Я. С., Никольский С. М. Дифференциальное и интегральное исчисления. М., 1988.
Б.Н. Назаркулова.