ИНТЕГРАЛДЫК РЕСУРСТАР
ИНТЕГРАЛДЫК РЕСУРСТАР – өз ара тыгыз байланышта ж-а бири-бирине көз каранды болгон бардык табият ресурстарынын түрлөрүнүн (маалымат, энергетикалык, заттык ж. б.) жыйындысы, б. а. коомдун тиричилигинде кездешкен бардык табият факторлору м-н адамзаттын материалдык ж-а эмгек ресурстарынын айкалышы. Ресурстун бир түрүнүн же тобунун сандык же сапаттык өзгөрүүсү сөзсүз же билинер-билинбес башка ресурстардын өзгөрүүсүнө алып келет. Мис., суунун азайышы ал аймактын энергетикалык ж. б. көрсөткүчтөрүнүн, коомдун тиричилиги м-н чарбалык шарттардын өзгөрүшүнө алып келет. Натыйжада ал эмгек өндүрүмдүүлүгүнө, калктын миграциясына ж. б. таасирин тийгизет. Мис., Кырг-нда 2008-ж. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн өтө азайышынын натыйжасында келип чыккан электр энергиясын пайдаланууну чектөө ж. б. жагымсыз шарттар.