ИНСТИНКТ
ИНСТИ́НКТ (лат. instinctus – пайда болуу, ойгонуу) – организмдин тарыхый өрчүү процессинде иштелип чыккан, алардын белгилүү тиричилик шартына ыңгайлануусунун бирден-бир формасы. Жаныбар түрүнө тубаса мүнөздүү жүрүм-турумуна түрткү болуучу татаал кыймыл-аракеттеринин жыйындысы. И. жаныбардын шарттуу ж-а шартсыз рефлекстик ж-а аракеттеринин татаал чиеленген элементтери. И. нерв системасы татаал бардык жаныбарларда байкалат. Мындай кубулуштарды балыкта, канаттууда, сүт эмүүчүдө, айрыкча топтошуп жашоочу курткумурскалардан көрүүгө болот. И. П. Павловдун пикири б-ча жаныбарда И. ар түрдүү, биол. маанисине карата бир нече топторго бөлүнөт: азык издөө (олжосун аңдуу, кышка карата азык даярдоо ж. б. у. с.), коргонуу (мис., тиш, тырмактын, жүрүм-турумунун ар кандай позалары), жыныстык (балыктардын урук таштоо учурундагы миграциясы, канаттуунун ж-а сүт эмүүчүнүн үйүгүшүүсү), ата-энелик (тукумуна кам көрүү, уя салуу, эмизүү ж. б.). Адамдын И-и аң-сезимге байланыштуу, себеби адамдын жүрүш-турушу коомдук турмуш, социалдык мамилелер м-н жөнгө салынып, жогорку нерв системасынын өзгөчө формаларынын негизинде калыптанат. И-ти изилдөөнүн медицинада психикалык ооруларды аныктоо үчүн, ветеринарияда жаныбарларды тандоодо ж-а байырлаштырууда, а. ч. зыянкечтерин жоготууда мааниси чоң.