ИНСАН
ИНСАН , с а я с а т т а г ы и н с а н – 1) өзүнө тиешелүү интеллектуалдык, эмоциялык, эрктик жекече белгилери ж-а сапаттары бар адам; 2) адам мамилелеринин ж-а аң-сезимдүү ишкердүүлүктүн субъекти катары; 3) адамды коомдун мүчөсү же калктын бөлүгү катары мүнөздөөчү социалдык маанилүү белгилердин туруктуу системасы. Саясаттагы И. төмөнкүлөрдү камтыйт: И-дын саясий баалуулуктарга багыт алуусунда ж-а саясий жүрүм-турумунда көрүнүүчү жекече социалдык, биол., психика-физиол. ж-а руханий сапаттар; адам тарабынан саясий мамилелерге кандайдыр бир социалдык топтун таптык, этностук, кесиптик, конфессиялык, демогр. ж. б. өкүлчүлүк кылуусу; жаран катары, коомдук саясий уюмдун мүчөсү катары белгилүү бир социалдык саясий статуска ээ болгон салыштырмалуу өз алдынчалык ж-а ар кандай деңгээлдеги активдүүлүктүн, ишмердүүлүктүн бүтүндүгү. И. саясаттын субъектилеринин алгачкысы болуп эсептелет. Саясий субъект катары И. коомдогу саясий процесстерге ж-а саясий бийликке таасир тийгизүү м-н төмөндөгүдөй негизги түрлөрдөн турат: саясатты танган, саясий процесстерден четтеген ж-а өзүнүн саясатка катышуусуна терс мамиле кылган адам – пассивдүү И.; саясатка болгон кызыкчылыгы аз, ага кээде эле катышкан же анын маанисин жакшы түшүнбөй туруп, үстүртөдөн сындаган И. жаран – коомдук уюмдун мүчөсү; коомдук кыймылдын катышуучусу, саясий практиканын чөйрөсүнө катышкан, шарттуу түрдө кошулган И. коомдук, коомдук-саясий ишмер, саясий ишмердүүлүктү өзүнүн негизги иши кылып алган профессионал саясатчы; саясий жетекчи, эң жогорку деңгээлде уюмдашкан, идеялык, формалдык же формалдык эмес лидер. И-дын саясатка катышуусу анын саясий билими, мад-ты ж-а саясий социалдашуусунун даражасы м-н шартталат.
Ш. Мусакожоев.