ИНСАЙТ
ИНСА́ЙТ (анг. insight – көрө билүү, түшүнүү) – жеке тажрыйбаларга ж-а кемчиликтерге таянган билимдер, бир нерсени илип алуу, дароо түшүнүү же үйрөнүү. И. кубулуштары тууралуу ил. билимдердин көпчүлүгү 20-к-дагы немис психологу, гештальтпсихологияны негиздөөчүлөрдүн бири Вольфганг Кёлердин жаныбарлардын жүрүм-турумуна арналган эмгектеринен алынган. Ал адам сымал маймылдардын интеллектин изилдөө үчүн бир нече ирет эксперименттерди жасаган, бирок адамдын ж-а антропоиддердин интеллекттерин принциптүү айырмалап
көрсөткөн эмес. Бир кылган иш-аракетти көп жолу кайталоо аркылуу адамдар да аны көнүмүш адатка айландырышат. Ушундай аракетти эске алуу м-н адамдардын жүрүм-турумундагы аң-сезимсиз мотивдерди ж-а патол. бузулуулардын себептерин аныктоо үчүн И. психотерапияда ж-а психоанализде кеңири пайдаланылат.