ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ СТРАТЕГИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ СТРАТЕГИЯСЫ . Илим сыйымдуу технологияларды өздөштүрүү, инновациялык продукцияны өндүрүүнүн ж-а экспорттоонун көлөмүн жогорулатуу зарылчы­лыгы инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү­нүн төмөнкүдөй стратегияларын аныктайт: «күчөтүү» стратегиясы жеке өзүнүн ил.-тех. ж-а өндүрүшТүк-тех. күч кубатын пайдаланууга негизделет. Ил. жыйынтыктарды ж-а өндүрүш­түк күч-кубатты ө. ж-да пайдаланууда жогорку деңгээлдеги технологиялар өздөштүрүлөт, ички ж-а тышкы рыноктордо жаңы, атаандаштык­ка жарамдуу продукцияны чыгаруу акырындап күчөтүлөт; «сырттыкын өздөштүрүү» стратегиясы өз өлкөсүнүн инновациялык күч-кубатын пайда­ланып, өнүккөн индустриялык өлкөлөрдө өн­дүрүп чыгарылуучу илим сыйымдуу продукция­ны чыгарууну өздөштүрүү болуп саналат. Ан­дан ары бардык инновациялык цикл б-ча инно­вациялык продукцияны түзүүдөн тартып, ры­нокто сатууга чейинки жумуштарды өз алдын­ча жүргүзүүгө жөндөмдүү ил.-тех. ж-а ө. ж. потенциалын бир эле учурда өнүктүрүү м-н про­дукцияны өндүрүү күчөтүлөт; «өткөрүп алуу» стратегиясы болгон чет өл­көлүк ил.-тех. ж-а өндүрүштүк-технол. потен­циалды чет өлкөлүк тике инвестицияларды тар­туу жолу м-н, жаңы муундагы продукция өндү­рүүнү өздөштүрүү үчүн жогорку натыйжалуу жа­ңы технологияларга лицензия сатып алуу жолу м-н өлкөнүн экономикасында пайдалануу. Мамлекеттик ж-а жеке ишкерлер секторло­рун туура айкалыштыруу стратегияларды на­тыйжалуу пайдаланууга, инновациялык ишмер­дүүлүктү күчөтүүгө, атаандаштыкка жарамдуу илим сыйымдуу продукция чыгаруунун көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Өндүрүштүн атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатуу көз карашынан ресурстарды сарам­жалдуу сактоо, жогорку даражада кайрадан иш­тетилген продукциянын үлүшүн көбөйтүү, тех­нологияларды жаңыртуунун керектүү динами­касын камсыз кылуу, автоматташтыруу, техно­логияны ж-а продукцияны сертификациялоо,


экологиялуулук тармактардын инновациялык ж-а технол. жактан өсүүнүн кыйла орчундуу, артыкчылыктуу багыттары болуп саналат.
Мамл. инновациялык саясаттын стратегия­ларында мамл. маанидеги жогорку натыйжа­луу ж-а өзүн тез актоочу эң орчундуу инновация­лык долбоорлор артыкчылыктуу болушу керек. Мамлекет тобокелчиликтин бир бөлүгүн өзүнө алып, аларды жүзөгө ашырууга жеке инвестор м-н үлүштүк башталышта катышууга тийиш.
Инновациялык кырдаалды жакшыртуу ж-а инновациялык ишмердүүлүктү күчөтүү макса­тында инновациялык долбоорлордун рыногун калыптандыруу, баалуу корпоративдик кагаз­дардын экинчи рыногун өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү, чет өлкөлүк инвесторлордун кара ниет атаан­даштыгына каршы аракеттенүү зарыл.
Экономиканы өнүктүрүүнүн инновациялык жолун ж-а эң жаңы ил.-тех. иштеп чыгуулар м-н жогорку технологияларды пайдалануунун негизинде ө. ж. тармактарын технол. жактан кайрадан жабдууну мамл. колдоонун куралда­рынын бири максаттуу программаларды, ил.- изилдөөлөр м-н тажрыйба-констр-дук иштеп чыгууларды, о. эле аларды ө. ж. өздөштүрүүнү финансылоо үчүн мамл. бюджеттин ж-а бюд­жеттен тышкары булактардын каражаттарын топтоштуруу болуп саналат.
Ата мекендик өндүрүштү инновациялык өнүк­түрүүнү жүзөгө ашыруунун максаттуу програм­маларын калыптандыруу бир катар принцип­тердин негизинде ишке ашырылышы зарыл. А. и. мамл. деңгээлдеги эң маанилүүлөрү: максаттуу программаларды түзүүнүн негизи болуп саналган долбоорлорду аны ө. ж. жүзөгө ашыруудан максималдуу экон. кайтарым алуу максатында коммерциялык ж-а бюджеттик на­тыйжалуулуктун талаптары б-ча сынактык тандоо; максаттуу программаларды калыптандыруу этабында программалык иш-чараларды анык­тоодогу ийкемдүүлүк (аны финансылоонун объектисин тандоо долбоорлорду ил.-тех., экон., өндүрүштүк ж-а экол. талаптар б-ча баалоонун негизинде ишке ашырылат); мамлекеттин, жеке бизнестин, коммерция­лык эмес ж-а коомдук уюмдардын экон. кызык­чылыктар м-н өз ара милдеттенмелерди айка­лыштырууга негизденип, ийгиликтүү кызмат­ташуусу үчүн программанын чегинде шарт түзүү болуп саналат.
Ошентип, максаттуу мамл. ж-а региондук npo- граммаларды, о. эле инновациялык долбоорлор­ду айкалыштыруу жогорку технологиялуу өн­дүрүштүн потенциалын пайдалануунун неги­зинде ички ж-а тышкы рынокту атаандаштык­ка жарамдуу продукция м-н толтурууга шарт түзөт.