ИННОВАЦИЯЛЫК ИШМЕРДИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ДҮЙНӨЛҮК БАГЫТТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИННОВАЦИЯЛЫК ИШМЕРДИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ДҮЙНӨЛҮК БАГЫТТАРЫ . КРдин концептуалдык деңгээлдеги экон. стратегиясын­да дүйнөлүк чарбанын азыркы системасын ка­лыптандырууда басымдуу роль ойноочу эволю­циялык багыттар эске алынышы керек. Өнүгүп келе жаткан ар бир өлкөнүн алдында, а. а. Кыр­гызстандын алдында да өз ара байланыштуу эки милдет: бирдиктүү ички рынокту түзүү үчүн за­рыл өсүү баскычы катары импорт алмаштыруу­чу саясатты аны жаңыча түшүнүү көз карашын­да жүргүзүү ж-а бир эле мезгилде эмгекти эл ара­лык бөлүштүрүүгө катышуунун экспорттук – ө. ж. вариантын жүзөгө ашыруу турат. 21-к-дын интеллектуалдык менчиктин жы­йынтыгы түрүндөгү товары калыптанып, тех­нологи ял ар м-н ли цензи я л ардын рыногу өнүгүүдө. Ө. ж. менчигин коргоо системасы өнүккөн өлкөлөрдүн милдеттүү атрибуту болуп саналат ж-а муну м-н катар технол. саясат (мис., АКШныкы), ал төмөнкүлөргө багытталган: • ишкердик чөйрөнү түзүүгө, анда инновация­лардын ж-а продукциянын атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатууга жеке сектордун ишмердигинин дүркүрөп өсүшүн шарттайт; • технологияларды өнүктүрүүнү, коммерция­лаштырууну ж-а пайдаланууну колдоого; • ө. ж-га көмөк көрсөтүү ж-а сооданы өнүк­түрүү максатында 21-к-дын дүйнөлүк класстагы технологияларын инвестициялоого; • аскердик ж-а жарандык милдеттерди на­тыйжалуу чечүүгө жарамдуу аскердик ж-а ө. ж. технологияларын интеграциялоого; • тез өзгөрүп туруучу кырдаалда ж-а экон. билимдерге негизденип иштөөгө жөндөмдүү дүйнөлүк деңгээлдеги жумушчу күчүн калыптан­дырууга; • өлкөнүн экон. күч-кубаттуулугун түзүү мак­сатында технологияларды пайдаланууга багыт­талган улуттук технол. саясатты жеке сектор м-н өнөктөшүп иштеп чыгууга ж-а аны жак­тоого; • ө. ж-на технологияларды, ченөө ж-а стан­дарттар системаларын өнүктүрүү б-ча көмөк көрсөтүүгө.
Дүйнөлүк экономика м-н ө. ж-нын өндүрүш­түк-технол. сектору, өзгөчө жогорку техноло­гиялар чөйрөсүндө, өзүнүн мазмуну б-ча глобал­дуу болуп баратат. Жогорку өндүрүмдүү ж-а энер­гия үнөмдөгүч технологияларды иштеп чыгуу; алардын негизинде жогорку технол. товарлар­ды өндүрүү ж-а кызмат көрсөтүүлөр, алар м-н дүйнөлүк рынокко чыгуу, ушул тармакта эл аралык интеграцияны кеңейтүү Батыш Европа­нын ө. ж. өнүккөн көптөгөн өлкөлөрү үчүн, АКШ, Япония ж-а Түш.-Чыгыш Азия өлкөлөрү үчүн экон. өнүгүүнүн стратегиясы болуп калды ж-а алар иш жүзүндө жаңы экон. үлгүнү калып­тандырышты. Анын негизи ө. ж. өнүккөн өл­көлөрдүн улуттук инновациялык системалары (УИС) болуп калды. 21-к-дын аягындагы дүйнөлүк экон. ишмер­диктин инновациялык чөйрөсүндөгү жалпы ба­гыттар: • жаңы билимдерди табуучулардын (өндүрүү­чүлөрдүн) санынын өсүшү ж-а атаандаштыктын күчөшү: • товар өндүрүүчүлөрдүн ж-а кызмат көрсө­түүчүлөрдүн жаңы билимдерди табуучуларга (өндүрүүчүлөргө) көз карандылыгынын өсүшү; • УИСтин кыйла динамикалуу бөлүгү ката­ры кичи ишканалардын маанисинин жогору­лашы; • жаңы билимдерди ж-а технологияларды жаратуучу жогорку квалификациялуу адистер­дин тартыштыгы ж-а акыркы продукцияны өндүрүүчүлөргө карата квалификациялык талап­тардын жогорулашы; • эмгекти эл аралык бөлүштүрүүнүн ж-а то­вар өндүрүүчүлөр м-н кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ж-а технологиянын ээлеринин ортосунда ко­шумча наркты кайрадан бөлүштүрүүнүн натый­жасы катары дүйнөлүк экономиканын ил.- өндүрүштүк секторун глобалдаштыруу.
КМШ өлкөлөрүнүн рыногун чет өлкөлүк то­варлар үчүн ачуу илим сыйымдуу улуттук про­дукцияга каратa суроо-талаптын төмөндөп ке­түүсүнө, анын ички рыноктон сүрүлүп чыгы­шына алып келди. Бир катар тармактарда арт­та калуулар калыбына келбес мүнөзгө айлануу­да, ал эми заманбап технол. деңгээлди өздөш­түрүүгө ж-а колдоого зарыл чыгымдар ушунча­лык көп болгондуктан, анын ордуна чет өлкөдөн даяр продукцияны импорттоо көп учурда пай­далуу боло баштады. Инновациялык продук­цияга суроо-талаптын төмөндөй баштаган шар­тында өндүрүштө тех. жактан кыйла жөнөкөй, арзан продукция артыкчылыкка ээ болуп, илим сыйымдуу продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн


кескин кыскартууда. Технол. өзөгү электрондук ө. ж., эсептөө ж-а оптика-була техникасы, пpo- граммалык камсыздоо, телекоммуникация, ро­бот куруу болуп саналган өндүрүштүн көлөмү төмөндөөдө.
Инновациялык процесстерди аткаруунун жо­лундагы башкы тоскоолдуктар: • борборлошкон каржылоонун чектелгендиги; • ишканалардын өз каражатарынын жетиш­сиздиги; • ата мекендик банк капиталы, чет өлкөлүк инвесторлор тар, о. эле пайдаланылбай жаткан каражаты бар калк үчүн тобокелчилиги өтө жогору узак мөөнөттүү салымдарга жагымдуу­луктун жетишсиздиги; • рыноктун товар өндүрүүчүлөрдүн талаптары­на жооп берген кеңири инфраструктурасынын жоктугу болуп саналат.
КМШ мамлекеттери 3–4 жылдан кийин өз өлкөлөрүнүн экономикасынын муКТаждык­тарын өз күчү м-н улуттук ил.-тех. потенциал­дын жардамы м-н камсыз кылууга жөндөмсүздүк маселесине туш келүү кырдаалы келип чыга тургандыгы улам чындыкка айланып баратат. Бул KМШ мамлекеттерин өздөрүнүн ички көй­гөйлөрүн техниканы ж-а технологияны учуру м-н сатып алып туруунун эсебинен чечүүгө ки­риптер кылат ж-а муну м-н бирге алар cырткы булактарга көпкө чейин технол. көз каран­дылыкка кабылышат, бул болсо акыр аягында өлкөнүн улуттук коопсуздугунун начарлоосуна алып келет.
Ошондой болсо да КМШ өлкөлөрүндө эконо­миканын дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жарамдуу бир катар тармактар азырынча сак­талып калган. Бул колдо бар бир топ ил.-тех. потенциалды натыйжалуу пайдалануунун не­гизинде мамлекеттер аралык инновациялык саясатты калыптандырууга ж-а жүзөгө ашыруу­га мүмкүндүк берет. 1995-ж. 3-ноябрда КМШ өлкөлөрүнүн каты­шуучуларынын жалпы ил.-тех. мейкиндикти түзүү ж-дөгү макулдашуусуна кол коюшуп, KMШ өкмөттөрүнүн (Түркмөнстандан бөлөктөрү) башчылары экон. кызматташуунун эң маанилүү артыкчылыгы катары илим ж-а технологиялар тармагындагы интеграцияны өнүктүрүүнү бел­гилешкен. Макулдашууну жүзөгө ашыруу Ө. ж. менчигин коргоо маселелери б-ча мамлекеттер аралык координациялык кеңеш, Стандартташ­тыруу, метрология ж-а сертификация б-ча мам­лекеттер аралык кеңеш ж. б. тармактык кыз­матташуунун башка органдары м-н тыгыз байланышта төмөнкү багыттарда жүргүзүлүүдө: 1) жалпы ил.-технол. мейкиндиктин ченем­дик-укуктук базасынын негизин калыптанды­руу; 2) ил.-технол. чөйрөдөгү мамлекеттер ара­лык программалар м-н долбоорлорду даярдоо ж-а кабыл алуу үчүн шарт м-н камсыз кылуу; жалпы ил.-технол. мейкиндиктин инфра­структурасын калыптандыруу б-ча шapт түзүү; КМШ мамлекеттеринин аймагындагы бөтөнчө ил. объектилер м-н курулмаларды натыйжалуу пайдалануу жолдорун табуу; 5) жалпы ил.-тех. мейкиндикти калыптандыруу үчүн шарт – на­тыйжалуу уюштуруу – экон. механизмди түзүү жүргүзүлөт.

Ш. Мусакожоев.