ИННОВАЦИЯ
ИННОВА́ЦИЯ (англ. innovatio – жаңыруу, өзгөрүү) – констр-лоого‚ өндүрүшкө же товар сатууга жаңы мамиле. Анын натыйжасында инвестор же анын компаниясы атаандаштарынын алдында артыкчылыкка ээ болот. Патентти пайдалануу м-н ийгиликке жетишкен новатор убактылуу монополияны камсыз кылуусу мүмкүн. И. өндүрүштүк чыгымдарды азайтып, продукциянын сапатын жакшырткандыктан‚ рыноктун аракетин күчөтөт. И. – узакка созулуучу ж-а кымбатка туруучу процесс. Мис.‚ ксерокөчүрмө 1948-ж. ойлоп табылган‚ андан берки 10 жылы тех. иштеп чыгууларга арналып‚ ошондон кийин гана рынокко аралашкан. И. жалпысынан экон. өнүгүүнү тездетет.
Ад.: Упраление инновациями. Факторы успеха новых фирм. М., 1995; Трансфер технологий и эффективная реализация инноваций. М., 199; Особенности инновационного предпринимательства и управление его развитием. М., 2002.