ИНКТЕР
ИНКТЕР , и н к а – 11–16-к-да азыркы Перу аймагында жашап, Түш. Американын батышындагы Тауантинсуйу мамлекетин түзгөн индейлердин этностук тобу. «Инка» (Сапа Инка – Жалгыз Инка) алгач кечуа урууларынын биринин уруу башчысынын титулу болгон, кийин бул аталыш м-н бүт уруу аталган деп божомолдонот. И. Түш. Америкада эң байыркы цивилизациялардын бирин түзгөн. 14-к-дын аягы – 15-к-дын башында Куско өрөөнүндө И-дин калкы 20–30 миң кишиден турган алгачкы мамлекети – Тауантинсуйу (1438) түзүлгөн. 1438–63-ж. Пачакути чанкаларды талкалап, башкы бийликке ээ болгон ж-а коңшу аймактарды (Колья, Лупака мамл. бирикмелерди), уулу – Тупак Юпанки (Топа Инка Юпанки) Чимор мамлекетин, Перунун борб. ж-а түш. жээктериндеги майда мамлекеттерди ж-а мамл. бирикмелерди, Боливиянын батыш ж-а түш.- батышын, Аргентинанын түн.-батышын ж-а азыркы Эквадор, Чилинин түн. аймактарын басып алган. Элдин саны 9 млнго жетип, мамлекеттин аймагы түндүктөн түштүккө 4000 кмге жеткен. Дыйканчылык ж-а балык уулоочулук м-н кесиптенип, кол өнөрчүлүк (кездемени көркөмдөп токуу, чоподон оймо-чиймелүү карапа идиштерин, металл буюмдарын, аялдардын алтын сөлөкөттөрүн жасоо ж. б.) ж-а соода өнүккөн. 11-к-да Куско өрөөнүндө эрте инк Кильке мад-ты пайда болуп, 14-к-дан кошуна өрөөндөргө тараган. 15–16-к-да арх-ралык курулуштар (И-дин арх-расынын шедеври болгон Мачу- Пикчу резиденциясы, Кускодогу (мамлекеттин борбору) күн храмы, Саксауаман, Писак сепилдери, ак сарайлар, обсерваториялар, амфитеатрлар ж. б.) курулган. И-дин салттуу оозеки мадты болгон. Поэзия, музыка ж-а бий жогору бааланган. Акындар ж-а музыканттар өзүнчө касталарды (аравикуна) түзүп, Кускодо муз. мектептер ачылган. 1532-ж. И. мекендеген аймакты испандар басып ала баштап, колониялаштырууда мамлекетин талкалап, цивилизацияны жок кылышкан.