ИНИЦИАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИНИЦИА́Л (лат. initialis – башкы) – 1) адам­дын аты-жөнүнүн баштапкы баш тамгалары; 2) китеп текстинин главалары, бөлүмдөрү м-н бөлүкчөлөрүнүн баш тамгалары. Байыркы кол жазма китептерде И., эреже катары, татаал оюм­чийим м-н кооздолуп келген. Азыркы китеп басылмаларынын И-ы да айрым учурда иллюс­трация, виньетка, оюу-чийүү сыяктуу жасалга­ланат.