ИНЖЕНЕРДИК ГЕОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИНЖЕНЕРДИК ГЕОЛО́ГИЯ – геологиянын има­раттарды ж-а түрдүү курулуштарды (жол, көпүрө, канал, суу сактагыч ж. б.) куруу иште­рин изилдей турган тармагы. Жердин үстүңкү кыртышынын геол. шарттарын – кыртыштын сапатын, гидрогеол. абалын, рельефин, сейсм кыймылдардын таасирин, тоо тектердин кура­мын, түзүлүшүн, текстурасын ж-а физ.-мех. ка­сиеттерин изилдөө; курулуш м-н табияттын бири-бирине тийгизген таасиринен келип чык­кан процесстер м-н кубулуштарды болжолдоо ж-а алардын зыяндуулугуна каршы чараларды иштеп чыгуу. И. г. курулуш башталардын ал­дында имарат ж. б. тургузулуучу жердин таби­гый геол. шарттарын, курулушту тургузуу ж-а аларды пайдалануу учурунда тоо тектерде болуу­чу өзгөрүүлөрдү изилдейт. Азыркы мезгилде бир да курулуш И. г-лык изилдөөсүз башталбайт. И. г. изилдөөлөрдүн натыйжасында курулуш­тарды жайгаштыруунун эң ыңгайлуу жерин, алардын ишенимдүү констр. материалдарын ж-а жумуштарды жүргүзүү жолдорун аныктайт. И. г. бир нече атайын тармактарга бөлүнөт: кыртыш таануу (грунтоведение) – тоо тектери м-н кыртышты, инж. курулуштарды тургузуу­чу жайды, табигый курулуш материалын чөйрө катары изилдейт; кыртыш механикасы – кыр­тыштын туруктуулугун, бекемдигин изилдейт; геол. процесстерди изилдөө – инж. геодинами­ка, аймактык И. г.; атайын – курулуш, жол, аскердик И. г.; жер астындагы суулардын ку­рулушка тийгизген таасирин инж. гидрогеоло­гия изилдейт. Кийинки мезгилде тоң таануу,


лёсс таануу, деңиз И. г-сы, инж. сейсмология сыяктуу тармактары чоң мааниге ээ болууда. И. г. гидрогеол., геокриология, нефть геоло­гиясы сыяктуу илимдер м-н тыгыз байланыш­туу. И. г. өзүнүн изилдөөлөрүндө геол., геофиз. ж-а физика м-н химиянын ыкмаларын кеңири колдонот. 1968-ж. Прагада болгон Эл аралык геол. конгресстин 23-сессиясында инженер-гео­логдордун Эл аралык ассоциациясы уюштурул­ган. Кырг-нда И. г-лык изилдөөлөрдү КР УИА-нын Геология ин-тундагы гидрогеология ж-а инж. геология бөлүмү, о. э. КР мамл. долбоорлоо ин-ттары ишке ашырат.


Ад.: Маслов Н. Н., Котлов М. Ф. Инженерная гео­логия. М., 1971.