ИНЖЕНЕРДИК АСКЕРЛЕР
ИНЖЕНЕРДИК АСКЕРЛЕР – аскер бөлүктөрү м-н бирикмелерин инж. жактан камсыз кылуучу атайын аскерлер. И. а. көпчүлүк мамлекеттин куралдуу күчтөрүндө ар кандай жумуштарды, аткаруучу кошуундар, бөлүктөр ж-а бөлүкчөлөрдөн – сапёр-инж., чабуулчу, тосмолоочу, жол инж., көпүрө куруучу инж., куруучу инж. ж. б. атайын адис топтордон турат. КРдин Куралдуу Күчтөрүндө сапёр-инженер, тосмолоо инж., тех. инж., талаада суу м-н жабдуу, минадан тазалоо топтору, жол инж., көпүрө куруучу инж. ж. б. түрү бар. И. а-дин негизги милдеттери: инж. чалгындоо, чектерди, өңүттөрдү, аймактарды райондорду ж-а башкаруу пункттарын фортификациялык жабдуу, инж. тосмолорду орнотуу, талкалоолорду даярдоо ж-а жүргүзүү, тосмолорго өткөөл жасоо ж-а кармоо, жерди ж-а объекттерди минадан тазалоо, аскерлердин кыймыл ж-а маневр жолдорун даярдоо ж-а кармоо, суу өткөөлдөрүн жабдуу ж-а кармоо, талаада суу м-н жабдуу жайларын түзүү, аскерлерди талаада электр кубаты м-н камсыз кылуу, аскерлерди ж-а объекттилерди чүмбөттөө ж. б. КРдин Куралдуу Күчтөрүндө инж. бөлүм 1992-жылдын 1-январында КРдин Коргоо министрлигинин курамында түзүлгөн. 2005-жылдын сентябрь айынан КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын инж. башкармалыгы деп аталат.
Э. Кадыров.