ИНЖЕКЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИНЖЕ́КЦИЯ (лат. injectio – ыргытуу) – 1) з а­р я д д а л г а н б ө л ү к ч ө л ө р д ү кыймы­лын тездетүү же топтоо үчүн аларды ылдамдат­кычка киргизүү процесси. Сызыктуу ылдамдат­кычтагы бөлүкчөлөрдүн И-сы (о. эле кийин ылдамдаткычтан чыгуу да) анчалык тех. кы­йынчылыкты туудурбайт ж-а киргизилген за­ряд тобунун параметри м-н ылдамдаткычтын параметринин дал келиши гана талап кылы­нат; 2) з а р я д т а ш у у ч у н у н сырткы электр талаасынын таасири астында жогорку концент-луу облустан ток алып жүргүчтүн та­шуусунун натыйжасында жарым өткөргүчтө заряд ташыгычтын концент-сынын көбөйүшү. Жарым өткөргүчкө ашыкча заряд металл же башка жарым өткөргүчтөн электр тогу өткөн учурда агып кирет. Заряд ташуучунун И-сы мо­нополярдык ж-а биполярдык болуп эки түргө бөлүнөт. Заряд ташуучунун монополярдык И-сында жарым өткөргүчкө тиймектин бири (И-лоочу тиймек) аркылуу бир белгидеги гана заряд ташылат. Ал эми экинчи тиймек (жарым өткөргүчтө ток чынжырын түзүүдө колдонулат) аркылуу жарым өткөргүчкө карама-каршы бел­гидеги заряд өтпөйт (И-лабоочу тиймек). Заряд ташуучунун биполярдык И-сында жарым өткөр­гүчкө тиймектер аркылуу бир мезгилде карама­каршы белгидеги электроддор бири бирин көздөй агып кирет. Ошентип алар бири бирин нейт­ралдап ж-а ошол эле кристаллдагы монополяр­дык И-да ток көп болот.