ИНЕРЦИЯЛЫК НАВИГАЦИЯ
ИНЕРЦИЯЛЫК НАВИГА́ЦИЯ – 1) транспорт каражаттарынын багытын ж-а ордун аныктоо ыкмасы; 2) гироскоп, акселерометр ж-а компьютерден турган система. Объектилердин (кеме, самолёт, ракета ж. б.) кыймылынын координаталары м-н параметрлерин аныктоого, телонун автоматтык башкарууга багытталган, инерция касиетине негизделген ж-а автономиялуу кыймылын башкаруу методу, б. а. тышкы аракеттин болушун талап кылбаган ыкма. Гироскоптор платформанын горизонталдык ж-а вертикалдык, о. эле Түн., Түш. багыттарда туруктуу кармайт. Унаа каражатынын багытынын өзгөрүшү дайыма платформага салыштырмалуу көзөмөлдөнөт. Бул учурда унаа каражатынын ылдамдануусун горизонталдуу, керек учурда вертикалдуу тегиздикте өлчөөчү акселерометрден ылдамдыктын көрсөткүчтөрү келип түшөт. Унаа каражатынын ордун эсептеп табуу компьютер аркылуу ишке ашырылат. Навигация маселелерин чечүүнүн кадимки ыкмасы тышкы багыттоочу белгилерди же сигналдарды (жылдыз, маяк, радио сигнал ж. б.) пайдаланууга негизделген. Бул ыкма абдан эле жөнөкөй, бирок айрым учурда чоң ылдамдыктагы (мис., космоско учууда) кыймыл үчүн зарыл болгон тактыкты бере албайт. И. н. 20-к-дын 30-жылдары негизделип, орус өнүгүшүнө илимпоздору Б. В. Булгаков, А. Ю. Ишлинский, немис илимпозу М. Шулер ж-а амер. Ч. Дрейпер өз салымдарын кошкон. И. н-ны биринчи жолу 1942-ж. амер. инженер Фон Браун иштеп чыккан. И. н. принциби Ньютон закондоруна таянат. И. н. кеме, суу астындагы кайык, самолёт, космос аппаратынын кыймылын башкарууда кеңири пайдаланылат.