ИНЕРЦИЯ
Jump to navigation
Jump to search
ИНЕ́РЦИЯ (лат. inertia – аракетсиздик), и н е р т т ү ү л ү к (механикада) – нерсенин өзүнүн тынч абалын же бир калыптагы ж-а түз сызыктуу кыймылын сактоо касиети. И. нерсеге сырткы күч таасир эткенде же аракеттенген күч бири бирине тең салмакта болгондо нерсенин тынч абалын же бир калыптагы түз сызыктуу кыймылын сактоо касиети. И. кубулушу нерсенин инерттүүлүк касиети м-н шартталат. Инерттүүлүк – нерсенин тубаса касиети. Демек, нерсенин баштапкы абалын өзгөртүүчү тышкы күчкө анын инерттүүлүгү дайыма каршылык көрсөтөт. Нерсенин И. чени – анын массасы.