ИНДУКЦИЯЛУУЛУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИНДУКЦИЯЛУУЛУК – электр тизмегинин маг­ниттик касиетин мүнөздөөчү физ. чоңдук. Кон­тур аркылуу өткөн ток анын айланасында маг­нит талаасын пайда кылат. Контурду кесип өтүүчү магниттик агым Ф электр тогуна I түз пропорциялаш: Ф=LI. Пропорциялаштык коэфф-и L – И. же контурдун өздүк индукция­сынын коэфф-и деп аталат. И. контурдун чоң­дугуна ж-а анын геом. формасына, о. эле чөйрө­нүн магниттик өткөрүмдүүлүгүнө көз каранды. И. бирдиктердин эл аралык системасында (СИ) генри (Гн) м-н ченелет, ал эми СГС системасын­да И. узундук ченине ээ. Ошондуктан И. бирди­ги сантиметр м-н өлчөнөт (1 Гн=109 см). И. ар­кылуу контурдагы ток өзгөргөндө андагы пай­да болуучу өздүк индукциянын ЭКК төмөнкүчө туюнтулат: ε = −L ∆I t ∆I , мында – ∆t ток күчүнүн өзгөрүү ылдамдыгы. И. токтун магнит талаасынын энергиясын аныктайт: W=LI2/2 /2. Бул формуланы механикадагы нерсенин кинетика­лык энергиясы м-н салыштыруудан, массанын электр-динамикалык окшоштугу И. экени көрүнүп турат. Демек, И. – токтун инерциялык касиетин аныктоочу чоңдук. И-ту көбөйтүү үчүн темир өзөкчөлүү чыгырыктар колдонулат.