ИНДУКТОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИНДУ́КТОР (лат. inductor – жөндөйм, ойготом), 1) ы с ы т к ы ч И. – нерселерди (көбүнчө өткөргүчтөрдү) өзгөрмөлүү магнит талаасында дүүлүктүрүүчү куюн түрүндөгү ток м-н индукция­лык ысытуучу электр-магниттик түзүлүш. Ал негизги эки бөлүктөн – өзгөрмөлүү магнит та­лаасын пайда кылуучу өткөргүчтөн ж-а электр энергиясынын булагына туташтыруучу ток бер­гичтен турат. И-дун бардык түрлөрү бир убакта ж-а үзгүлтүксүз удаалаш ысытуучу болуп экиге бөлүнөт. Биринчисинде индукцияланган өткөр­гүчтүн аянты болжол м-н ысытылуучу беттин аянтына барабар болуп, бул бир эле убакта бар­дык бөлүктөрдү ысытууга мүмкүндүк берет. Экин­чи ыкмада – ысытылуучу буюмдун бети индук­цияланган өткөргүчтүн үстүнөн удаалаш жыл­дыруу м-н ысытылат. 2) Т е л е ф о н И-у – кол м-н ж-а электр моторунун жардамы аркылуу (машиналык И.) иштетилүүчү өзгөрмөлүү токту пайда кылуучу магнит-электр машинасы. Би­ринчиси кол м-н тейленүүчү телефон аппарат­тарында сигнал жиберип туруу үчүн колдону­лат. И. 18–21 Гц жыштыктагы, 60–70 в чыңа­луудагы ж-а 3,8 Вт кубаттуулуктагы өзгөрүл­мөлүү токту иштеп чыгат. Ал эми м а ш и н а­л ы к И. телефон станцияларында, абонент­тердин аппараттарына сигнал берүүдө колдону­лат. И-дун эки түрү чыгарылат: айлануучу якор­дуу, эки кыймылсыз тик бурчтуу магниттүү; кыймылсыз якордуу ж-а шакек формасындагы айлануучу көп уюлдуу магниттүү.