ИНДУИЗМ
ИНДУИ́ЗМ – Индиянын байыркы салттык дини; Индияда о. эле индиялыктар жашаган чыгыш өлкөлөрүндө таралган. Б. з. 1-миң жылдыгында калыптанган. Анын окуусунун идеясы веда ж-а брахман дининин эволюциясынын негизинде түзүлгөн. О. эле И-де жандардын бир түрдөн экинчи түргө өтүшү (сансара) жогорку кудайларды (Вишну же Шива) же алардын кубулгандагы көрүнүштөрүн урматтагандыкка, касталык турмуш-тиричилик (к. Касталар) эрежелерин аткаргандыкка жараша аныкталуучу жакшы же жаман жүрүм-туруму үчүн сый же жаза берүү мыйзамы (карма) б-ча жүрөт деп ырастаган окуу түзөт. Сыйынуу чиркөөлөрдө, ыйык жайларда өткөрүлүп, дасера, дивала, холи майрамдары белгиленет. Жаныбарлардан уй, жылан, дарыялардан Ганг, өсүмдүктөрдөн лотос ж. б. ыйык деп эсептелет. И-ге кудайдын универсалдуулугу ж-а баарына бирдей жалпылыгы ж-дөгү элестөөлөр мүнөздүү. Бул өзгөчө бхакти окуусунан көрүнөт. И. вишнуизм ж-а шиваизм агымдарынан турат. Учурда И. динин тутуучулардын саны 1 млрд же дүйнө жүзүндөгү калктын 17,5%ин түзөт.
Ад.: Кнотт К. Индуизм. М., 2001; Альбедиль М. Ф. Индуизм: Главная религия Индии. СПб., 2006.