ИНДИ ОКЕАНЫ 2-БӨЛҮК
ИНДИ ОКЕАНЫ 2-БӨЛҮК
дуу шурулар (кораллдар) ж-а гидрокораллдар мүнөздүү. Жээгинин көп бөлүгүн мангр бадалдары ээлейт. Мелүүн алкактын материктик тайыздыктарында кызыл ж-а күрөң балырлар (ламинарий, фукус, макроцистис) бар, омурткасыздарга бай. Океандын ачык мейкиндиктеринде,
өзгөчө суунун 100 м тереңдикке чейинки катмарында бир клеткалуу планктон, ал эми Араб деңизине көгүш жашыл балырлар мүнөздүү. И. о-нын жандыктарынын көбүн ракча-копепод (100дөн ашык түрү), канат буттуу моллюска, медуза, сифонофор ж. б. түзөт. Бир клеткалуулардан – танаптуулар, балыктардын көп түрү – учуучу балык чоң ж-а майда тунец, желбирек канаттуу балык, акула ж. б. бар. Кальмарлар көп. Ири деңиз сүт эмүүчүлөрүнөн – дюгон, тиштүү ж-а тишсиз киттер, калак буттар кездешет. Канаттуулардан альбатрос, фрегат, пингвиндер мүнөздүү. Жээк боюнда гана балык кармалат (дүйнөдө кармалган балыктын 5%и). Негизги ө. ж. тукуму – тунец. Антарктика сууларында балыктын антарктикалык түрүнүн ө. ж. тукуму бар. Нефть (Перс булуңунда), бермет, седеп (Шри-Ланка, Бахрейн а-нда ж-а Австралиянын түн.-батыш жээгинде) алынат.
И. о-на дүйнөлүк жүк ташуунун 10%и туура келет. Ал аркылуу Европа, Азия, Австралия, Африка, о. эле Американын портторун байланыштыруучу маанилүү деңиз жолдору өтөт. Ири порттору (жүк ташуу б-ча): Аден (Йемен), Мумбаи, Калькутта (Индия), Карачи (Пакистан),
Читтагонг (Бангладеш), Коломбо (Шри-Ланка), Янгон (Мьянма), Рангун (Бирма), Рас-Таннура (Сауд Арабиясы), Харк, Бендер-Аббас (Иран), Фао (Ирак), Эль-Кувейт (Кувейт), Дар-эс-Салам (Танзания), Могадишо (Сомали) Фримантл, Аделаида, (Австралия), Дурбан (ТАР).
И. о-нда башка океандардай эле экол. көйгөйлөр бар; алардын эң башкысы – деңиз экосистемасына адам таасиринин күчөшү. Океан суусун булгаган негизги булактар: нефть (дүйнөдөгү нефтинин запасынын 2/ си Жакынкы ж-а Ортоңку Чыгышта топтолгон. Перс булуңунан өндүрүлгөн нефть И. о. аркылуу Батыш Европа, Түн. Америка өлкөлөрүнө ж-а Японияга ташылат. Ири танкерлердин кырсыкка учурашынан ж. б. түрдүү себептерден агып чыккан нефть океан суусун булгап, И. о-нын түн., түн.-
чыгыш ж-а батыш акваторияларынын бетинде
көбүнчө жука кабыкчаны пайда кылат); оор металлдар (сымап, коргошун, кадмий ж. б. океан суусуна атм. ж-а агын суулар аркылуу кошулгандыктан, бардык жеринде кездешет); уулуу химикаттар (а. ч-да кеңири пайдаланылган минералдык жер семирткичтердин, уулуу химикаттардын ж-а аларды өндүргөн ө. ж. ишканаларынан чыккан таштандылардын океанга кошулушу), контейнерге салынып океан түбүндө сакталган түрдүү уулуу заттар ж-а радиоактивдүү
калдыктар ж. б. Мындай булгануу бара-бара жалпы эле Жердин геогр. кабыгына алаамат залал тийгизиши мүмкүн. Кийинки мезгилде И. о-нын алабындагы өлкөлөр океанды коргоо максатында бирдиктүү аракеттерди жасоодо.
И. о-нда уюшулган деңиз резерваттары (парктары) деңиз экосистемасын коргоо – табиятты ж-а табигый ресурстарды калыбына келтирүү м-н гана чектелбестен, о. эле жерг. элдин ж-а туристтердин табиятты коргоо б-ча билим алуусунда да мааниси зор. Деңиз резерваттары Кувейт, Бириккен Араб Эмирликтери, Египет, Эфиопия, Кения, Мьянма, Индия, Шри-Ланка ж. б. өлкөлөрдө уюшулган. Алардын ичинен эң белгилүүлөрү: Эфиопиядагы «Дахлак аралдары» улуттук деңиз паркы (Кызыл деңиздин фаунага бай ири аймактарынын бири; 1968-ж. уюшулган); Кениядагы Малинди ж-а Вашаму резерваттары (тех. жактан жакшы жабдылган, коргоо иштери жогорку деңгээлде уюшулган; жалпы аянты 1755 га), Сейшель а-ндагы резерваттар.
Ад.: Муромцев А. М. Основные черты гидрологии Индийского океана. Л., 1959; Индийский океан. Л., 1982; Богданов Д. В. Региональная физическая география Мирового океана. Л., 1985; Физическая география материков и океанов / Под ред. А. М. Рябчикова. М., 1988; Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Океаны. М., 1997; Залогин Б. С., Кузминская К. С. Мировой океан. М., 2001. Пущаровский Ю. М. Тектоника Земли. Избр. тр. М., 2005. Т. 2; Тектоника океанов.
Ө. Бараталиев.