ИНДИ ОКЕАНЫНДАГЫ БРИТАНИЯ АЙМАГЫ
ИНДИ ОКЕАНЫНДАГЫ БРИТАНИЯ АЙМАГЫИндиядан түштүктө, Инди океанындагы Чагос архипелагында. Аймак 6 атоллду ж-а 56 аралды камтыйт. Башкы аралы – Диего-Гарсия. Климаты тропиктик деңиздик; ысык, нымдуу; толкундуу шамал тез-тез болуп турат. Аралды 16-к-дын башында португалиялыктар ачкан. Император Наполеон 1814-ж. басып алганга чейин француздардын башкаруусунда болгон. Андан соң англичандарга өткөн. Англ. Маврикий а. тобунун курамына кирген аралдар 1966-ж. көз каранды эместикке ээ болуп, Сейшель а-нын курамына өткөн. 1976-ж. 23-июнда Чагос архипелагы Сейшель а-нан өзүнчө бөлүнүп, И. о. Б. а-н түзгөн. Калган аралдары ээн. Диего-Гарсия а. деңиз деңг. 4 м бийиктикте. Анын чыгыш бөлүгүнүн табиятына кол тийбестен сакталып келүүдө. Аралда адамдын чарбалык ж. б. иш аракетине тыюу салынып, ил.-из. иштери гана жүргүзүлөт. Аймакты Улуу Британия королевасы башкарат. 1971-ж. чейин копра өндүрүлгөн. Диего-Гарсия а-нда АКШнын аскер-деңиз базасы курулган. Тейлөө кызматында ондогон англичандар иштейт. Аралдардын көбүндө жол салынган эмес; Диего-Гарсия а-нда аскерлер турган порт м-н аэродромдун аралыгында кыска жол бар. Тейлөө кызматкерлери велосипед м-н катнаш жасайт. Аралдын экономикасына байланыштуу иш-чаралар
Диего-Гарсияда жүргүзүлөт. Калган аралдары ээн болгону м-н балык кармалат (жылына млн долларга жакын киреше алып келет). Жапайы эшектер (сырттан алынып келинген) көп кездешет. О. эле краб, сойлоп жүрүүчүлөр да бар. Тропик куштары мекендейт.
Ад.: Все о странах мира, атлас – спровочник. Санкт- Петербург, 2006.
Р. Карачалова.