ИНДИЯ ЭЛДИК КӨТӨРҮЛҮШҮ
ИНДИЯ ЭЛДИК КӨТӨРҮЛҮШҮ (1857–59), С ы п а й л а р к ө т ө р ү л ү ш ү – англ. колониячыл үстөмдүккө каршы чыккан массалык кыймыл. Анын өзөгүн сыпайлар түзгөндүктөн, англ. ад-тта сыпайлар көтөрүлүшү деп аталып калган. Анын башкы себеби 19-к-дын орто ченинде колониячыл администрация тарабынан жамааттык жер ээлеринен алынган салыктын кескин көбөйүшү, брахмандарга тиешелүү артыкчылыктын жоюлушу, сыпайларга бериле турган маянанын азайышы болгон. Колониялык эзүүнүн кесепети ж-а англ. товарлардын өтө көп келиши кол өнөрчүлөрдү айрыкча жабыркаткан. Көтөрүлүштүн негизги кыймылдаткыч күчүн эл массасы – болгондо да дыйкандар жамааты түзүп, жетекчилик ролду феодалдар ойногон. Көтөрүлүш 1857-ж. 10-майда Мирут ш-нда башталган. Адегенде сыпайлардын 3 полку көтөрүлүп, алар Делиге карай бет алган. Ошол замат аларды делилик сыпайлар м-н жерг. эл колдоп кеткен. Улуу Моголдордун династиясынын бийлигин калыбына келтирүү башкы ураанга айланып, падыша Бахадуршах IIни да ушул чакырыкка кол коюуга мажбур кылышкан. Канпур, Лакхнау ш-нда да көтөрүлүшчүлөрдүн аскери топтолуп, жер-жерлерде өз алдынча өкмөттөр пайда болгон. Бирок, козголоңчулардын арасынан өз ара чыр-чатак чыгып, Канпур ш-нан башка жерлерде башкарууну жеткире уюштура алышкан эмес. Көтөрүлүшчүлөрдө жалпы жетекчиликтин ж-а бирдиктүү аракеттенүү планынын жоктугу алардын жеңилип калышын шарттаган. Англ. колониячылар тез эле Ганг өрөөнүндөгү көтөрүлүштү баскан ж-а демилгени өз колуна алууга жетишкен. 1857-ж. англ. аскерлердин чабуулу башталып, июнда Бенарес, Аллахабад, сентябрда Дели ш. алынып, көтөрүлүштүн убактылуу борбору Ауд ш. болуп калган. 1858-ж. 19-мартта
Лакхнау англичандардын колуна өткөн. Ушундан баштап көтөрүлүшчүлөр партизандык согуштун ыкмасын колдоно башташкан. Англ. аскердин абалы оорлошуп баратканын көргөн королева Виктория 1858-ж.1-ноябрда көтөрүлүшкө катышкан феодалдардын күнөөсүн кечип, алардын артыкчылык укугун калыбына келтирген манифестке кол койгон. Натыйжада, феодал төбөлдөрү көтөрүлүштөн кол үзгөн. 1859-жылдын апрелинде колониячыл аскер партизандык согушту баскан. И. э. к-нүн жеңилишинин башкы себеби англ. аскердин согуштук артыкчылыгы, индиялык дыйкандар м-н феодалдардын ар башка максатты көздөшү ж-а сыпайлардын бытырандылыгы болгон. Бирок көтөрүлүш жеңилгени м-н дыйкандардын кийинки нааразылыгынан чочулаган англ. бийлик өз саясатын өзгөртүп, феод. кысымды чектеген мыйзам кабыл алууга мажбур болгон ж-а Индияны башкаруу Ост-Инд компаниясынан Англиянын өкмөтүнө өткөн.