ИНДИЯЛЫКТАР
ИНДИЯЛЫКТАР , и н д у с т а р, и н д и л е р – Индиянын калкы, этностук саясий жалпылык. Инди янын бардык к ал кын, о. эле башка өлкөлөргө Индиядан барып жашап калгандарды билдирүүчү термин. 18-к-дын аягы – 19-к-дын башына чейин «индейлер» деп аталып келген, би рок бул термин жаңылыштыктан ул ам (Х. Колумб) амер. жерг. элге карата колдонулуп кеткендиктен, Индияда жашоочулар англис сөзү м-н «индустар» деп айтылып калган. Бирок, индуизм динин туткандар гана «индустар» деп аталгандыктан, аны бүт Индия калкына карата айтуу туура болбой калат. Индияда 800дөн ашуун улут, эл ж-а уруулар бар. О. эле Улуу Британияда (1 млн), Канадада (1 млн), АКШда (1,25 млн), Түш. Африкада
(1 млн), Маврикияда (700 миң) ж-а Фижиде (400 миң) да жашашат. Жалпы саны 1,13 млрдга жетет (2007). Элдин 72%и индиевропа, 22%и дравид тилдеринде сүйлөшөт. Мамл. тили – хинди ж-а англис. И-дын динге ишенгендеринин көпчүлүгү индуизм (83%), о. эле ислам (13%), христиан (2,4%), сикхизм (1,8%), буддизм (1,7%) ж-а жайнизмди (0,5%) тутушат. Индия калкынын этностук негизи б. з. ч. 2-миң жылдыктын ортосунда Индиянын борб. ж-а түн. аймагына көчүп келген байыркы арий урууларынын жерг. элдер м-н ассимиляцияланышынан пайда болгон. И. дыйканчылык (чай, бал камыш, гозо, жут, тамеки, банан, буудай, жер жаңгак, кунжут, пальма ж. б.), мал чарбачылык (буйвол, кой, эчки ж-а канаттуулар, уй ыйык жаныбар катары саналат) м-н кесипте-
нишип, дубалы кыш же жыгачтан салынып, үстү пальма жалбырактары же черепица м-н жабылган 1 кабаттуу, айрым жерлерде 2 же 3 кабаттуу, жаанчыл аймактарда түркүктөрдүн үстүнө салынган үйлөрдө жашашкан. Салттуу кийим катары негизинен аялдар майда шурулар м-н кооздолуп, сайма түшүрүлгөн сари (уз. 4 мден 9 мге чейин) оронушат. И-дын «Рамаяна» ж-а «Махабхарата» эпостору, бхаратнатьям, катхакали ж. б. бийлери бар. Эркектери эр жеткенде оң колуна билерик тагынып, мылтык алып жүрүшкөн. И-да жаныбарлар (уй, зебу тукумундагы бука, маймыл ж-а кобра жыланы), дарыялар (Ганг), өсүмдүктөр (лотос) ж. б. ыйык деп эсептелинет.
Ш. Керимова.