ИМАНКУЛОВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИМАНКУЛОВ Марат Муканович (10. 3. 1960-жылы туулган, Чүй облусу, Чүй району, Он бир жылга айылы) – генерал-лейтенант (2021). Москва полиграфиялык институтун (1982), Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Москвадагы жогорку курсун (1987). Ташкенттеги жогорку курсун (1991) бүтүргөн. 1982–86-жылдары КРдин Улуттук коопсуздук органдарында оперативдүү жана жетекчилик кызматтарды ээлеген. 1998-жылы КР Улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасынын жардамчысы, 1998–2001-жылдары КР Улуттук коопсуздук кызматынын Нарын, 2001–02-жылдары Ош, 2002–05-жылдары Жалал-Абад облустары боюнча башкармалыктарынын начальниги, 2005–07-жылдары КР Улуттук коопсуздук комитетинин терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги, 2007–10-жылдары КМШга мүчө-мамлекеттердин антитеррордук борборунун жетекчисинин орун басары, 2010-жылдан КРдин Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2011-жылы Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - УКМКнын алдындагы Антитеррордук борбордун директору, 2021-жылдан КРдин Коопсуздук кеңешинин катчысы.