ИЛЭЭШКЕКТИК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИЛЭЭШКЕКТИК (ички сүрүлүү) – катуу нерселерде, суюктук м-н газдарда байкалуучу кубулуш. Катуу  нерсеге  күчтөр таасир эткенде алардын чыңалуу-деформациялык  абалы көпчүлүк учурда убакытка ж-а жүктөө процессинин ылдамдыгына    көз каранды болушпайт. Бирок мындай абал  дайыма эле боло бербейт Мисалы, болоттон жасалган үлгүлөрдү 400оС де деформациялаганда  жүктөө процессинин  мөөнөтү чоң ролду ойнойт. Бул учурда  “чыңалуу-деформация” координаттарында түзүлгөн график жүктөө процессинин ылдамдыгына көз каранды болот. Көпчүлүк материалдар мисалы, платмассалар мындай көз карандылыкты бөлмө температурасында эле көрсөтө баштайт. Эгерде нерсени  деформациялоо  процесстери аны жүктөө  ылдамдыгына көз каранды болушса, анда бул нерселер илээшкектик  касиетке ээ деп коюшат. Суюктук м-н газдарда  илээшкектик төмөнкүчө байкалат.  Суюктук м-н газ чөйрөсүндө кандайдыр  күчтөрдүн негизинде кыймыл пайда кылган себептер токтогондон   кийин, акырындап жоголот. Мындай  кубулуш ички сүрүлүүгө байланыштуу  болот. Демек бул каралып жаткан суюктук же газ илээшкектик касиетке ээ. Суюктук м-н газдын илээшкектигинин температурага  көз карандылыгы бир биринен кескин  айырмаланып турат. Эгерде температуранын өсүшү  м-н суюктуктун илээшкектиги азайса,   газдардыкы тескерисинче, көбөйөт.  Илээшкектин мындай  өзгөрүшү алардагы катмар  арасындагы сүрүлүү механизмдеринин айырмаланышын көрсөтөт.