ИГИЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ИГИЛ, икили – тувалыктардын эң байыркы жаалуу тартма эки кылдуу музыкалык аспабы. Алтайлыктарга икили, хакастарга ыых менен аттарда тараган. Тулкусу жыгачтан чабылып, чарасы жаргак менен капкакталат. Эки кылдуу, квартага күүлөнөт. Аспаптын жалпы көлөмү 800-900 миллиметр. Кыргыздын кыл кыягынын жаасына окшош жаа менен тартып ойнолот. Обондорду, күүлөрдү бир кыл менен ойнойт, экинчиси аны коштоого алат. Анын коштоосунда жеке ырлар аткарылат. Башка элдик музыкалык аспаптар кошулуп, ансамблерде, оркестрлерде ойнолот.