ЖУМАБЕКОВ Эмиль Жумабекович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ЖУМАБЕКОВ Эмиль Жумабекович ( 23.08.1951-жылы туулган , Нарын облусу, Кочкор району, Мантыш айылы) – айыл чарба илимдеринин доктору (2005).  Москвадагы К. А. Тимирязев  атындагы айыл чарба академиясын бүтүргөн (1974). Кыргызстан топурак таануу ИИИде: кенже илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, тажрыйба станциясынын башчысы, директордун илим бюнча орун басары болуп иштеген. КР УИАнын Биология-топурак таануу институтунда Тоо топурактарын таануу лабораториясында жетектөөчү илимий  кызматкер болгон. Кыргызстан дыйканчылык илим изилдөө институтунда генералдык директордун илимий иштер боюнча орун басары, Кыргызстан ирригация илим изилдөө институтунда лаборатория   башчысы болуп иштеген.   Бардыгы 135тей  илимий эмгектери,  анын ичинде 2 монографиянын, 2 сунуштаманын автору.