ЖОРГО ТООДАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ЖОРГО ТООДАК (Chlamudotis undulara) – тоодактар тукумундагы куш. Узундугу 60 смге, салмагы  1,2-2,4 кгга  жакын. Башында үрпөгү, моюнунун капталында  узун  канаттан “жакасы” бар.  Түндүк  Африка ж-а Азиянын  чөлдөрүндө, боздоңдорунда  тараган. КМШнын чөлдөрүндө  кезигет.  Жакшы чуркайт ( 40 км/с), демейде жерге жакын, жапыз учат.  Ачык жерге уялайт. Саны азайып бара жатат. КМШнын Кызыл китебине катталган.