ЖАҢГАКТЫН БАКТЕРИОЗ ИЛДЕТИ
ЖАҢГАКТЫН БАКТЕРИОЗ ИЛДЕТИ –жаңгактардын бардык түрү зыян тартат. Бул илддетти Hanthomanas juglandis бактериясы козгойт. Бул илдет ар кандай тактар түрүндө жабырактарда, бутактарда, мөмөлөрдө ж-а топ гүлдөрүндө пайда болот же кездешет. Жалбырактагы тактар майда, бурчтуу ж-а кызыл күрөң түстө болот. Тактар, ошондой эле жаш бутактарында ж-а мөмөлөрүндө кездешет. Жаңгактын жаш мөмөлөрүнүн тышы ката элегинде бактериялар мөмөнүн ичине кирип, маңызын чиритип таштайт. Бышып жетилген жаңгак ооруга чалдыкпайт. Жабыркаган жерлерден суюктук бөлүнүп чыгат. Ал жерде абдан көп бактериялар топтолот. Негизинен бул оору козгоочу бактерия дарактын бүчүрлөрүндө кыштайт. Бактериоз жылдын ысык ж-а нымдуу мезгилинде абдан чоң зыян келтирет. Күрөшүү ыкмалары: жаңгак дарактарын 1%түү бардос суюктугу (100 гр жез купоросу ж-а 150 гр өчүрүлбөгөн акиташты 10 л сууга аралаштырыш керек) же анын ордун алмаштыруучу фунгициттер м-н дарылоо керек Дарлоонун мөөнөтү: эки жолу гүлдөгөнгө чейин, бир жолу гүлдөгөндөн кийин жасаш керек.