ЖАНАЛИЕВ Болотбек Рахманович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ЖАНАЛИЕВ  Болотбек Рахманович (1961-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Аксы  району, Кашка-Суу айылы) – медицина илимдеринин доктору  (2003).  И.К Ахунбаев атындагы КММИни бүтүргон (1984). Эмгек жолун КММИде ассистент болуп баштаган. Ошол эле жерде улук мугалим; Москвадагы И. М. Сеченов атындагы медицина академиясында  аспирант, докторант; КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык  патолого-анатомия бюросунун начальниги;  Б. Н. Ельцин атындагы КРСУда профессор. Бардыгы 35 илимий эмгектери, анын ичинде  2 окуу-методикалык   сунуштамасы жарык көргөн. Эмг.: Туберкулез легких по данным аутопсийного материала РПАБ\\ Universum.  Медицина и фармакология/ –2016/ –№11 (33). –С. /  11.–15.