ДҮЙШЕЕВ Буранбек Жамгырчиевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ДҮЙШЕЕВ   Буранбек Жамгырчиевич (1958-жылы туулган, Чүй облусу, Аламедин району, Кой-Таш айылы) – медицина илимдеринин доктору (2001). И. К. Ахунбаев атындагы КММИни бүтүргөн (1981).   Эмгек жолун КММИде ординатор болуп баштаган. Киев (Украина) нейрохирургия ИИИде   аспирант;   КР Саламаттык сактоо министрлигинин  Республикалык  клиникалык ооруканасында  врач-нейрохирург;  Н. Н. Бурденко атындагы нейрохирургия ИИИде (Москва шаары)  докторант; КР Саламаттык сактоо министрлигинин  Улуттук госпиталында  №1 нейрохирургия  бөлүмүнүн башчысы; И. К. Ахунбаев атындагы  КММИде;  Б. Н. Ельцин атындагы  КРСУда  неврология кафедрасында профессордун милдетин аткаруучу. КРдин эмг сиӊирген  врачы ж-а саламаттык сактоонун отличниги. Анын 60тан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монографиясы, 3 рационалдык сунуштары, 1 окуу-методикалык куралы  жарык көргөн. Эмг.: Клинические особенности опухолей задней черепной ямки у пожилых. Б.: Бийиктик, 2011.-204 с.