БАРДАШЕВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАРДАШЕВ Иван Андреевич (1831, туулган жери белгисиз – 1868, Омск, Россия империясы) – тилмеч, катчы (коллегалык регистратор). Атасы Сибирь казак-орус аскеринин урядниги чининде кызмат өтөгөн. Алгач Омск чебиндеги казак-орус аскер мектебинде окуп, кийин ошол эле жердеги кадеттер корпусунун  котормочулар бөлүмүн аяктаган. Айрым маалыматтарда жаңылыштыктан улам Г. («господин» деген сөздүн баш тамгасы) Бардашев деп берилет. 1848-жылы Россия империясынын кол алдындагы Улуу жүз казактарын бириктирген Чоң Ордо (1856-жылдан Ала-Тоо округу) деп аталган атайын башкармалык ачылган. Борбору жаңы курулган Капал чеби болгон бул округдун приставына барон М. М. Врангель, ал эми тилмечтигине И. Бардашев дайындалган. Ал түрк тилин жакшы билгендигине байланыштуу бул жерден алгач казактардын макал-ылакаптарын чогултуп, аны орусчага которо баштаган. 1856-жылы бугу-сарыбагыш урууларынын чабышын токтотуу үчүн Ысык-Көлгө жасаган М. М. Хоментовскийдин  жүрүшүнө Ч. Валиханов менен бирге И. Бардашев да катышкан. Ошол эле жылы Кулжа чебинде орус-кытай чек арасын тактоодо тилмечтин милдетин аткарып, ушул сыяктуу ж.б. жүрүштөрдө эл ичинен кыргыз уруулары, алардын каада-салт, курал жарактары, негизги уруулар жайгашкан жер-суулардын аталышы, кербендер жүргөн жолдор ж.б. тууралуу маалмыматтарды чогулткан. И. Бардашевдин бул маалыматтарынын негизинде кийин Ч. Валиханов өзүнүн Верный чебинен Кытайдын Турпан, Аксу, Кашкарга чейинки жолдору, алардын аралыгы тууралуу атайын көрсөтмө (орусчасы «Описание караванных путей от укрепления Верного до городов: Турпана, Аксу, Кашгара, Яркенда, Хотана») даярдаган. Мындан тышкары И. Бардашев 1859-жылы Верный – Пишпек (Пишкек) –Ташкент – Кокон – Наманган жолдорунун аралыктарын тактап, кечүү, ашуу-белдерине мүнөздөмө берип, ал жолдорго жакын жерлерди конуштап, көзөмөл кылган уруулар тууралуу маалыматтарды жыйнактап чыккан (орусча аталышы «Расспросное описание путям, лежащим от укрепления Верного чрез Пишкек в Ташкенд, Коканд, Наманган и прочим, лежащим на этих путях крепостям, составленное переводчиком, состоящим при начальнике Алатавского округа и киргизов Большой орды коллежским регистратором И. А. Бардашевым в 1859 г.»). 1860-жылы полковник А. Э. Циммермандын кол башчылыгы менен Кокон хандыгы курган Чүй өрөөнүндөгү Токмок, Пишпек чептерин талкалоо үчүн жасалган атайын жүрүштө орус аскерлери менен бирге келип, маалымат жыйнап, бул чептердин картасын чийүүгө катышкан. 1851-жылы Орус географиялык коомунун («Записки Русского географического общества») журналына жарыяланган Тоолуу кыргыздар тууралуу маалыматтар («Сведения о дикокаменных киргизах») узак убакыт бою И. А. Бардашевге таандык деп эсептелип келген. Кийинки окумуштуулар (мисалы, С. Умурзаков, Ж. Алымбаев) ал макала топограф Т. Ф. Нифантьев тарабынан чогултулганын аныкташкан.  

Ад.: Алымбаев Ж. Общественно-политическая жизнь кыргызов в Российской историографии второй половины XVIII - начала XIX в. Б., 2009; Плоских В.М. Собр. соч. Т.1. Б., 2020; Умурзаков C. Географическая изученность Кыргызстана до середины XIX века. Б., 2021.