БАЙЛАНЫШ - КАТЫШ ЛИНИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
БАЙЛАНЫШ -КАТЫШ ЛИНИЯ (Commucation line),  байланышты түзүү үчүн регулярдуу телефон линияларын колдонот. Берилиштерди жиберүү үчүн коммуттацияланган  линияларды колдонуу телефон менен сүйлөшкөнгө окшош. Жиберүүчү жактагы байланыш жабдуулары кабыл алуучу жактын телефон номерин терет, кабыл алуучу жактын байланыш жабдуулары телефонго жооп берсе, байланыш орнотулат да маалыматтарды жиберүүгө болот. Коммуттацияланган линиялар салыштырмалуу кымбат эмес. Берилиштерди жиберүү үчүн коммуттацияланнган линияларды колдонуу кадимки телефон сүйлөшүүдөн кымбат турбайт. Коммуттацияланган линиялар аркылуу байланыш- катыш жабдуулары бар, телефон байланышы орнотулган кыштактар ортосундагы байланышты орнотууда мүмкүн. Бирок мындай линиялардын сапатын башкаруу мүмкүн эмес, себеби, линия коммутация жабдуулары  тарабынан иретсиз тандалып алынат.