БАЙЛАНЫШ-КАТЫШ СИСТЕМА МОДЕЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Communication System Model - Модел коммуникационной системы) төмөнкү жабдуулардан турат:

БАЙЛАНЫШ-КАТЫН СИСТЕМА МОДЕЛИ компьютер же терминал; маалыматтарды жиберүүчү (кабыл алуучу) байланыш-катыш жабдуулары; маалыматтар жиберилүүчү байланыш-катыш каналы; башка компьютер. Ошондой эле, негизги модель компьютер арасында берилиштерди берүүнү башкарган програмдарды камтыган байланышкатыштын програмдык жабдыктарынан турат. Эки компьютер бири бирине байланышуу үчүн ар бир система бирге иштей ала турган байланышкатыштын программалык жабдыкка ээ болуулары керек. Байланыш-катыш каналы берилиштерди жиберүүчү жабдуулардан кабыл ала турган аппаратурага чейинки жол болуп эсептелет.