БАЗИЛИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАЗИЛИКА (гр. basilike ‒ падыша үйү) ‒ ичи колонна же катар түркүктөр менен узун бөлүктөргө (нефтерге) бөлүнгөн тик бурчтуу пландагы имарат. Бул нефтер чоӊ аралыкты тосконго ыӊгайлуу болгон; ортоӊку неф (эреже катары капталдагылардан бийик жана кеӊири) каптал бөлүктөрдөгү терезелер аркылуу жарык кылынган жана апсида менен бүткөн. Базиликага кире бериш жерде туурасынан кеткен эшик асты ‒ нартекс жайгашкан. Эӊ алгачкы Базилика б. з. ч. 210-жылы Деллос аралында курулган. Рим шаарында Базилика сот жана соода залы болуп кызмат кылган. Христиан дининин бекемделиши менен Базилика храмдардын негизги типтеринин бири болуп калган, ал эми борбору

Римдеги Сан Паоло фуори ле мура базиликасы. Клуатра галереясы.

неф, апсида ‒ чыгыш жактагы алтарь менен бүткөн. Эӊ ири алгачкы христиандык Базиликалар бай мозаика менен кооздолгон жана 4-6-кылымдарда Рим, Равенна, Константинополь, Сирия ж. б-да курулган.