БАЗАР-ТУРУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАЗАР-ТУРУК ‒ Нарын облусунун Жумгал районундагы кыштак. Жаӊы-Арык айыл округуна караштуу. Базар-Турук суусунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 2470 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чаек кыштагынан 45 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 135 км. Калкы 1101 (2022); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар.